ВИТВАТЕРСРАНД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТВА́ТЕРСРАНД – дүйнөдөгү ири алтын-уран кенташтуу бассейн, Түштүк Африка Республикасында (Травансвааль, Оранж провинциялары). 1886-жылдан (1952- жылдан уран да) казып алынат. Кенташ чөкмө метаморфизмден пайда болгон конгломератта топтолгон. Алтындын жалпы запасы 16 миң тдай, кондициялык өлчөмү 9,3 г/т . Кен 4000 м тереңдиктеги 10 горизонттон казылат. 1976-жылы 709 т Au казып алынган. Урандын жалпы за­пасы 128 миң т , кондициялык өлчөмү 0,02– 0,4%.