ВИТГЕНШТЕЙН
ВИ́ТГЕНШТЕЙН (Wittgenstein) Людвиг (26.4. 1889, Вена – 29.4.1951, Англия, Кембриж) – австриялык философ, логик, анализчил философиянын ири өкүлү, Бертран Расселдин шакирти, Кембриж университетинин профессору (1939–47). «Логикалык-философиялык трактат» деген эмгегинде ырааттуулугу жагынан логикадай жетик, «идеалдуу» жасалма илимий тилди түзүү программасын сунуш кылган. Анын үлгүсү – математикалык логиканын тили болуп жүрөрүн, ага өтөрү м-н философия көптөгөн маанисиз, логикасыз баяндоолордон арыларын, ушул мааниде философия «тилди сындоо» экенин белгилеген. Дүйнөнүн түзүлүшүнүн билимдердин системасындагы чагылып сүрөттөлүшү болуп саналган логикалык атомизм окуусун иштеп чыккан.
Минск, 1988; Шатский А. С. Витебск: Жизнь искусства. 1917–1922. М., 2001.