ВИТЕБСК
ВИ́ТЕБСК – Беларуссиянын түндүк-чыгышындагы шаар, Витебск облусунун борбору. Калкы 342,2 миң (2006). Батыш Двина дарыясынын боюнда. Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар. Шаар

XI кылымда негизделген. 1101-жылдан Витебск княздыгынын борбору. XIV кылымдан Литва менен Польшанын, 1772-жылдан Россия империясынын, 1919–1924-жылдары РСФСРдин, 1924-жылдан БССРдин курамында. Благовещенск (XII кылым), барокко жана классицизм стилиндеги Казан чиркөөлөрү (1760), Ыйык Троица Марк (XIV–XV кылым) жана монастырлар ансамбли (XIV–XV кылым), Успенье собору (XV кылым), иезуит коллегиуму (XVIII кылым), губернатор сарайы (XVIII кылым), ратуша (учурда край таануу музейи), турак жай үйлөрү, Ыйык Варвара костёлу жана башкалар бар. 1988-жылы «Амфитеатр» маданий-спорт комплекси, XX кылымдын аягында Жеңиш аянты мемориалдык комплекси менен ачылган. Университтеттер, ветеринария медицинасы академиясы (1924), артборбор (1992) жана М. Шагалдын үй-музейи, менчик коллекция музейи, театрлар иштейт. 1987-жылдан эл аралык заманбап хореография, 1992-жылдан эл аралык «Славян базары» искусство фестивалдары өткөрүлөт. Станок куруунун жана жеңил өнөр жайдын ири борбору. Металл кесүүчү, жыгаччылык станоктору, трикотаж буюмдар, радио деталдары, телевизорлор («Витязь»), ченөөчү приборлор, эмерек, бут кийим («Белвест») жана башкалар чыгарылып, килем токулат. Витебскке жакын чептердин калдыктары, И. Е. Репиндин парк чарбагы жайгашкан.
Ад.: Витебск//Энциклопедический справочник.