ВИТЕРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИТЕРИ́Т – карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы ВаСО3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү түссүз же бозомтук. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5–3,8. Салыштырма салмагы 4,3. Гидротерм жолу м-н пайда болот. Витерит – барий кенташы (рудасы) ж-а барий тузу.