ВИТТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ТТЕ Сергей Юльевич [17(29).6.1849, Тиф­лис – 28.2(13.3).1915, Петроград] – россиялык мамлекеттик ишмер; Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1893). Байланыш ж-а жолдор, финансы мини­стри (1892–93); Министрлер кабинетинин (1903–05), министрлер советинин (1905–06) төрагасы. Орус капитализминин өөрчүшүнө көмөктөшкөн сая­сат жүргүзүп, чет элдик капиталдын тартылы­шын колдогон. Виттенин демилгеси боюнча шарап монополиясы киргизилип (1894), Сибирь темир­ жол магистралы курулган; акча реформасы жүргүзүлүп (1897), ага ылайык кредит акчасын алтынга эркин айырбаштоо тартиби орнотул­ган. Тышкы саясатта орус-француз союзун чың­доону жактаган. Портсмут тынчтык келиши­мин (1905) түзгөн делегацияны башкарган. 1905- жылдагы революция учурунда ал падыша Николай IIни 17-октябрдагы Манифестти жарыялоого ж-а мамлекеттик Думаны чакырууга ынандырган. Витте 1906-жылы отставкага чыккан. Падыша өкмөтүнүн тышкы саясатын баяндаган «Эскерүүлөр» (1907– 12) эмгегин жазган.

Ад.: Тарле Е. В. Граф С. Ю. Витте. Опыт харак­теристики внешней политики. Л., 1927: С. Ю. Вит­те – Государственный деятель, реформатор, эконо­мист. В 2 ч. М., 1999.