ВИЧЕНЦА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЧЕ́НЦА – Италиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Венеция облусунун жана Виченца провинциясы­нын административдик борбору. Калкы 117,3 миң (2006). Альп тоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. 1115-жылдан эркин шаар-коммуна.

Виченцадагы Ротонда вилласы (1565–91).


Рим теат­рынын калдыгы, криптопортика, көпүрөлөр, ак­ведук, чиркөөлөр, соборлор, сарайлар, палац­цо, базилика жана башкалар сакталган. Виченца Италиянын зер буюмдар өндүрүшүнүн ири борбору. Баалуу буюмдардын (алтындан жана күмүштөн жасал­ган) эл аралык көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат. Зергерчиликке керектүү жабдууларды чыгаруу­чу өндүрүшү, машина куруу (текстиль, аайыл чарба, электр-техникалык жана башкалар), текстиль, тигүү, булгаары ­бут кийим, жыгаччылык, эмерек, химия, тамак-­аш, курулуш материалдары, карапа буюмдар өнөр жайы иштейт. Виченца жана Венеция облусундагы Палладио курган виллалар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.