ВИШАКХАПАТНАМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИШАКХАПА́ТНАМ – Индиянын түштүгүндөгү шаар, Андхра-Прадеш штатында. Калкы 1,1 млн (2006). Бенгал булуңундагы табигый гаванда жайгашкан. Индиянын башкы деңиз портторунун бири (жылына 50 миң т жүк ташылат). Калькутта – Ченнаи магистралындагы темир жол түйүнү. Аэропорту бар. 1683-жылы англиялык фактория катары негизделген. Университет, музей (суу астындагы кемелер), театр, зоопарк бар. Вишакхапатнам – ири өнөр жай борбору. Кара ж-а түстүү металлургия (цинк), кеме куруу, нефть ажыратуу, минералдык жер семирткичтер өнөр жай өндүрүшү иштейт. Балык кармалат. Согуш-деңиз базасы. Шаарга жакын Симанчалам храмы жайгашкан.