ВИШНЕВСКИЙ Александр Александрович
ВИШНЕ́ВСКИЙ Александр Александрович [11(24).5.1906, Казан — 19.11.1975, Москва] — орус хирургу, СССР МИАнын академиги (1957), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Медициналык кызматтын генерал-полковниги. 1929-жылы Казан университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1948-жылдан СССР МИАнын А. В. Вишневский атындагы хирургия институтунун директору ж-а Советтик Армиянын башкы хирургу (1956). Вишневский жүрөктүн, өпкөнүн операциясында оорутпоо (анестезия), хирургияда полимерди колдонуу сыяктуу проблемаларды иштеп чыккан. Ал 1953-жылы жергиликтүү оорутпоо м-н жүрөккө дүйнөдө 1-болуп операция жасаган. 1957-жылы жүрөккө операция жасоодо жасалма кан айландыруучу аппаратты СССРде 1-жолу колдонгон. 1955-жылы жергиликтүү оорутпоо жөнүндөгү иши үчүн Р. Лериш атындагы эл аралык сыйлык берилген. Ленин сыйлыгынын (1960) ж-а СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1970) лауреаты. Эл аралык хирургдар ассоциациясынын ж-а бир нече чет өлкөлүк илимий медициналык коомдун мүчөсү. Үч Ленин, башка көптөгөн ордендер ж-а медалдар, ошондой эле чет өлкөлөрдүн ордендери м-н сыйланган.