ВЛАДИМИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЛАДИ́МИР – Россиядагы шаар, Владимир обл­усунун административдик борбору. Калкы 310,5 миң (2005). Рос­сиядагы туризмдин ири борбору («Россиянын алтын айлампасы» маршрутунун негизги пунк­тарынын бири), облустун башкы өнөр жай бор­бору. Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүндө, Клязьма дарыясынын боюнда, Москвадан 190 км түндүк-чыгышта жайгашкан. Темир жол бекети. Жол­дор тоому. Шаар 1108-жылы ченде чеп катары князь В. В. Мономах тарабынан негизделген. 1299– 1328-жылдада орус митрополиттеринин резиденциясы. 12-кылымдан 14-кылымдын башына чейин Владимир улуу княздыгынын, 18-кылымдын аягынан Владимир губерния­сынын борбору. Совет өкмөтү 1917-жылы 25-ок­тябрда (7-ноябрда) орногон. Владимир архитектуралык эсте­ликтерге ж-а Владимир-Суздаль мектебинин жи­вопистерине бай: Успенье (1158–60, 1185–89-жылдары кайрадан курулган), «Алтын Дарбаза» (1158– 64), Дмитрий соборлору, чикөөлөр ж. б. сактал­ган. 12-кылымдын 2-жарымында Владимир-Суздаль


Успенье собору (1158–60, 1185–89).

архитектура мектеби калыптанган учурда таштан ири курулуштар курулган. Ак таштан курулган архитекту­ра эстеликтери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тиз­месине кирген. Эстеликтер тургузулган. Университеттер, китепканалар (анын ичинде атайын азиздер үчүн), Вла­димир-Суздаль тараыхый-архитектура ж-а көркөм му­зей-коругу (1854), Столитовдордун үй-музейи, сүрөт галереясы, драма театр (2003-жылдан театр ком­плекси), куурчак театры (1969), филармония, Владимир-Суздаль Русунун хор музыкасынын борбору (1992), концерт залдары, планетарий, эстеликтер ж. б. арбын. Машина куруу (трак­тор ж-а электр моторлор заводдору, «Точмаш»), автомобиль («Электр прибор» заводу), химиялык (химиялык, пленка материалдар), тамак-аш, тигүү ж-а три­котаж буюмдар ишканалары иштейт. Владимирге жа­кын Боголюбов кыштагында князь А. Ю. Боголюбов­дун резиденциясы болгон.

Ад.: Дуброва А. В. Старый Владимир. Владимир, 1998.