ВЛАДИМИР МОНОМАХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЛАДИ́МИР МОНОМА́Х (1053– 19.5.1125, Ки­евге жакын) – Киевдин улуу князы (1113–25), мамлекеттик ишмер, кол башчы ж-а жазуучу. Байыр­кы кыпчактарга (половецтерге) каршы орус княздарын баш коштурууга аракеттенген. 1103– 1107, 1111-жылдарда кыпчактарга каршы жор­туулдун башында турган. 1113-жылы Киев князы наамын алып, эл көтөрүлүшүн баскан. Бирок мыйзам чыгаруу жолу м-н калктын төмөнкү кат­марынын абалын жеңилдетүүгө аргасыз болгон. «Насаат» («Поучение») аттуу эмгегинде феодал­дар м-н дыйкандарды таттуулашууга чакырган. Владимир Мономах княздык кылган жылдарда Киев Русу күч­төнгөн. Ал Байыркы Русь мамлекетинин 3/4 бөлүгүн бириктирген.