ВЛАСОВ Юрий Петрович
ВЛА́СОВ Юрий Петрович (5.12.1935-жылы туулган Донецк облусу, Макеевка) – орус спортчусу (оор атлет), СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1959); публицист. 1950-жылдардын аягы –1960-жылдардын башында дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу (штангист ). Оор салмак категориясы боюнча Олимпия оюндарынын (1960), дүйнөнүн (1959, 1961– 63), Европанын (1959–64), СССРдин (1959-63) бир нече жолку чемпиону. Дүйнөнүн бир нече жолку рекордсмени (1959–67). Россиянын жеңил атлетика (1985) ж-а атлетикалык гимнастика (1987–88) федерацияларынын, көз карандысыз Пушкин академиясынын (1993-жылдан) президенти. РФ Мамлекеттик думасынын депутаты (1993– 95) . 1946–53-жылдары Суворов атындагы аскер окуу жайында (Саратов шаары), 1953–59-жылдары Н. Е. Жуковский атындагы аскер-аба академиясында окуган. Ошол жерде оор атлетика боюнча машыга баштаган. Ал 31 дүйнөлүк рекорд койгон (штанга көтөрүүнүн үч түрүнүн суммасы боюнча рекордду 510 кгдан 580 кгга жеткирген), «Планетанын эң күчтүү кишиси» титулуна ээ болгон. Көптөгөн популярдуу китептердин автору. Ленин ордени м-н сыйланган.
Чыг.: Соленые радости, М., 1976; Огненный крест. М., 1991. Ч. 1–2.