ВОЗНЕСЕНСКИЙ
ВОЗНЕСЕ́НСКИЙ Андрей Андреевич (12.5.1933- жылы туулган, Москва) – орус акыны. Москвадагы архитектура институтун бүтүргөн (1957). Чыгармачылыгы 1958-жылдан башталган. «Чеберлер» поэмасында (1959) жаңы ыкманы жаңы стилди жогорку чеберчиликте колдонуу м-н көркөм өнөргө кызыгуусу арткан. Акындын АКШга болгон иш сапарынан кийин жазылган «Үч бурчтуу алмурут» поэмасынан «40 лирикалык чегинүү» жыйнагында (1962) сүрөткердин граждандык позициясы «заманга ылайык» сынга туш болгон. «Лонжюмо» (1963), «Оза» (1964) поэмаларында адамдардын жеке жашоо-турмушу тууралуу ой жүгүртүүсү чагылдырылган. Ошондой эле «Каршы дүйнө» (1964), «Витраж жасоонун чебери» (1976), «Азгырык» (1978) аттуу поэмалардын ж-а ыр жыйнактардын автору. Вознесенский СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978).