ВОИНОВ Александр Хусаинович
ВО́ИНОВ Александр Хусаинович (20.4.1961-жжылы туулган, Тажикстан, Ленинабад шаары) – КРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (кикбоксинг), СССР спортунун чебери (Дзюдо – 1989; ушу-саньда – 1990), кикбоксинг (ушу-саньда) боюнча дүйнөнүн профессионалдар арасында чемпиону (1992). Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун

(1966) ж-а И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекекттик университетин (2003) бүтүргөн. Эмгек жолун Ысык - Ата районунун жаштар спорт мектебинин дзюдо боюнча машыктыргычы болуп баштаган. 1989-жылы Ысык-Ата районунун спорт комитетитинин төрагасы, 1991-жылы Бишкек шаарындагы чыгыш күрөш боюнча мектептин жетекчиси, 1993-жылдан КРдин кикбоксинг боюнча улуттук командасын жетектейт. Ушул эле жылы профессионалдык «Гермес-профи» спорт клубун ачып, Бүткүл Азия кикбоксинг ассоциациясынын президенти болуп дайындалган. Ал КРдин олимпия комитетинин вице-президенти (2006), Кыргыз Республикасынын президентинин денет арбия ж-а спорт иштери боюнча кеңешчиси (2007). Воинов бир нече спорт чеберлерин (Ш. Шабанов, Ж. Амантаев, А. Ибраев, Б. Борбашев, И. Мамбетов, Р. Абасов, К. Сыдыгалиев, А. Порсуков ж. б.) даярдаган. Даңк медалы (1999) ж-а Данакер ордени (2006) м-н сыйланган.
Б. Үсөнканов.