ВОИНОВ Александр Хусаинович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ИНОВ Александр Хусаинович (20.4.1961-жжылы туулган, Тажикстан, Ленинабад шаары) – КРдин эмгек си­ңирген машыктыргычы (кикбоксинг), СССР спортунун чебери (Дзюдо – 1989; ушу-саньда – 1990), кикбоксинг (ушу­-саньда) боюнча дүйнөнүн про­фессионалдар арасында чем­пиону (1992). Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун

(1966) ж-а И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекекттик университетин (2003) бүтүргөн. Эмгек жолун Ысык - Ата районунун жаштар спорт мек­тебинин дзюдо боюнча машык­тыргычы болуп баштаган. 1989-жылы Ысык-Ата районунун спорт комитетитинин төрагасы, 1991-жылы Бишкек шаарындагы чыгыш күрөш боюнча мектептин жетекчиси, 1993-жылдан КРдин кикбоксинг боюнча улуттук командасын жетектейт. Ушул эле жылы про­фессионалдык «Гермес-профи» спорт клубун ачып, Бүткүл Азия кикбоксинг ассоциациясы­нын президенти болуп дайындалган. Ал КРдин олимпия комитетинин вице-президенти (2006), Кыр­гыз Республикасынын президентинин денет арбия ж-а спорт иштери боюнча кеңешчиси (2007). Воинов бир нече спорт чеберлерин (Ш. Шабанов, Ж. Амантаев, А. Ибраев, Б. Борбашев, И. Мамбетов, Р. Аба­сов, К. Сыдыгалиев, А. Порсуков ж. б.) даярда­ган. Даңк медалы (1999) ж-а Данакер ордени (2006) м-н сыйланган.

Б. Үсөнканов.