ВОЛГА-УРАЛ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ЛГА-УРА́Л НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ Россия Федерациясынын аймагында (Татарстан, Баш­кыртстан, Удмуртия; Пермь, Оренбург, Куйбы­шев, Саратов, Волгоград, Киров, Ульянов обл.). Жалпы аянты 700 миң км2. 900дөн ашык нефть, 50дөй газ кени табылган. Кендер негизинен де­вон, карбон ж-а пермдин чөкмө тоотек катма­рынын арасындагы 1600–3000 м тереңдикте жайгашкан 30 мге чейинки калыңдыктагы кум­дук, акиташ, алевролит ж-а чополуу тоотекте­ринин брахиантиклиналдарында топтолгон. Ири кендери: Ромашка, Оренбург, Туймаза, Шкапов­ский, Арлан ж. б.