ВОЛГОГРАД
ВОЛГОГРА́Д – Россиядагы шаар, Волгоград облусунун административдик борбору. Калкы 999,1 миң (2005). Волга бою дөңсөөсүнүн капталында жайгашып, Волга дарыясынын оң жээгин бойлой 100 кмден ашык созулуп жатат. Дарыя порту. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач


1589-жылы Царицын шаар-чеби катары эскерилет. 18-кылымда Царицын аркылуу Астрахань жолу өткөн. Ал жол Россиянын борбордук райондорун Каспий, Азов бою, Орто Азия м-н байланыштырып, эл аралык соода борборуна айланганга түрткү болгон. 19-кылымда Царицын каракычысы («сарептск») м-н даңкталган. Улуу Ата Мекендик согушта шаар дээрлик талкаланган. 1950-жылы шаар ж-а анын өнөр жай ишканалары толугу м-н (90%) кайра курулган. 1925-жылы Сталинград аталып, 1961-жылдан Волгоград болгон. 1965-жылы «Баатыр шаар» деген ардактуу наам ыйгарылган. Архитектура эстеликтерден – чиркөөлөр, собор, мурдагы синагога, аялдар гимназиясы, 20-кылымдын курулуштары сакталган. 1963–67-жылдары Мамаев дөңсөөсүндө Сталинград салгылашынын баатырларына эстелик-ансамбль тургузулган. Планетарий, эстеликтер, илим-изилдөө институттар,

26 ЖОЖ (филиалдары м-н; анын ичинде университеттер), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн атайын), музейлер (анын ичинде «Сталинград салгылашы» музей-понорама), театрлар, филармония ж. б. бар. Ошондой эле академиялык симфониялык оркестр, ыр-бий ансамблдери иштейт . Волгоград – облустун ири өнөр жай борбору. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, химия, тамак-аш өнөр жайлары, ГРЭС, ЖЭС, ГЭСтер бар. Шаардын түштүгүнөн Волга – Дон каналы өтөт.
Ад.: Ермаков А. Д. Памятники Волгограда. Волгоград, 1982; Гундырин П. А. Путешествие по Волгограду. 3-е изд. Волгоград, 1987.