ВОЛЖАНСКИЙ
ВОЛЖА́НСКИЙ Владимир Александрович (30. 5. 1917, Иваново-Вознесенск – 3. 10. 1983, Москва) – цирк артисти, режиссёр, СССР эл артисти (1979). Дарчылар династиясынын негиз салуучусу.

Цирк аппараттарынын конструктору. 1933-жылы цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. 1933-жылы бир тууганы Николай Александрович Волжанский (30. 12. 1913, Иваново-Вознесенск – 1. 9. 1990, Москва) менен бирге союздук мамлекеттик циркте «Акробаттар вольтижёрлор» номери менен иштей баштаган. 1944-жылы цирк искусствосунун 2-Бүткүл союздук конкурсуна Волжанский өзүнүн жасаган аппараттары менен эквилибристика соло номерин даярдаган. 1950-жылдарда цирк жанрынын реформатору катары аркан аркылуу басып чыккан. Волжанский «Жантык канат» (1950), «Жылдыздар дүйнөсү» (1959), «Жылдыздуу дарчылар» (1967) аттуу жаңы номерлер менен трюктардын жаратуучусу. Волжанский – аткаруучу, режиссёр жана аттракцион аппараттарынын түзүүчүсү. 1977-жылы Москвадагы Вернадск проспектиндеги циркте «Прометей» пантомимасынын премьерасы болгон (Волжанский.– сценарист, режиссёр, аттракциондун конструктору; СССР мамлекеттик сыйлыгы,1978). Волжанский өлгөндөн кийин кызы Марианна Владимировна Волжанская (6. 3. 1938, Москва; РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, 1982) «Прометей» аттракционун жетектеген. 1997-жылы Иваново шаарындагы циркке ысмы берилген.
Ад.: Ганина М. Канатоходцы Волжанские. М., 1969.