ВОЛКОВЕНКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛКОВЕ́НКО Афанасий Иванович [1907, Ал­тай крайы, Васильчуки кыштагы (азыркы Ключев­ский району) – 6.11.1944, Ровно облусу, Червоноар­мейск шаары] – Советтер Союзунун Баатыры. Советтик Армияга чакырылганга чейин (1941) Фрунзеде (азыркы

Бишкек) «Кондитер» артелинде иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1-гвардиялык ат­чандар дивизиясына караштуу 6-гвардиялык атчандар полкунда эскад­рондун командири болгон. 5 ай бою Смоленск облусунда фашисттик тылда согуш­кан. 1942-жылы 26-апрелде анын эскадрону Мышенка кыштагын (Угранский району) ээлеп алган. Волковенко жарадар бол­гонуна карабастан, катар­дан кетпей салгылашкан. 1942-жылы 19-июнда душмандын дзотун талкалап, Смоленск районунда фронттун линиясынан өтүшкөн. Ошондой эле Масальский ж-а Варшава шос­селери үчүн уруштарга, Вязьма, Житомир, Луцк шаарларын бошотуу үчүн салгылаштарга катышкан. Волковенко салгылашып жүрүп, Чехословакиянын чегара­сына чейин жеткен. Салгылашта курман бол­гон. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сый­ланган.