ВОЛЛАСТОНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВОЛЛАСТОНИ́Т (англ. химик У. Х. Волластондун ысымынан) – силикаттар тобундагы минерал.


Химиялык формуласы Са (Si O ). Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак, кээде кызгылт , айнек сымал жаркырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–5,5. Салыштырма салмагы 2,9. Контакт-метаморфизмден пайда болот. Негизинен карапа өнөр жайында фарфор даярдоодо, үн ж-а жылуулук өткөрбөөчү материал катары пайдаланылат.