ВОЛЫНКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВОЛЫ́НКА – үйлөмө музыкалык аспап. Ал бир нече түтүкчөдөн турат. Жел толтурулган тери мүшөкчөгө боорлорунда көзөнөкчөлөрү бар эки же үч түтүкчө уланат. Волынка дүйнө элдерине ар кандай аталыштарда кеңири тараган: орустарда, украиндерде, беларустарда дуда, молдавандарда чимпой, армяндарда тик, грузиндерде гудаствири,

азербайжандарда тулум, чуваштарда шапар же сарнай, болгарларда гайда, француздарда корнемюз жана башкалар. Шотландиялыктарда, аскер оркестрлеринде колдонулат.