ВОЛЬСКИЙ Мирон Ефимович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ЛЬСКИЙ Мирон Ефимович (11.11.1892, Брест шаары – 31.12.1958, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (1939), профессор (1940). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1944). Саратов университетин бүтүргөн (1920). Куйбышев шаарындагы те­рапия клиникасынын башчысы (1927–34) ж-а Аскер медицина академиясынын госпиталында профессор (1939–41). КММИнин факультативдик терапия кафедра­сынын башчысы (1941–58). Илимий эмгектери тоо климатынын адамдын организмине тийгизген таасирине, боткин оорусунун клиникалык бел­гилеринин айрым маселелерине ж-а аны дары­лоого арналган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак бел­гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Усиление диуретического действия меркузола с никотиновой кислотой//Советское здравоохранение Киргизии. 1954, ¹ 2; Некоторые вопросы клиники и лечения болезни Боткина//Советское здравоохра­нение Киргизии. 1957, ¹ 1.