ВОЛЬТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬТЕ́Р (өз аты-жөнү – Мари Франсуа А р у э; 21.11.1694, Париж – 30.5.1778, ошол эле жер) – француз жазуучусу, философ, тарыхчы. Иезуит­тер коллегиясынан окуган. Эркин ойлору бар чыгармалары үчүн эки жолу Бастилияга (1717, 1725) камалып, 1726-жылы Англияга куулган. 1729-жылы кайра Парижге келген. Бирок андан кийин да көп өмүрүн чет өлкөдө өткөргөн. «Фи­лософиялык каттар» (1733), «Метафизика туу­ралуу трактат» (1734), «Ньютон философиясы­нын негиздери» ж. б. эмгектеринде феодалдык түзүлүшкө, католик чиркөөсүнө, схоластика м-н метафизикага каршы чыккан. Негизги тарыхый эмгеги – «Жалпы тарых», «Калктардын үрп-­адаты жана руху тууралуу тажрыйба» (7 том­дуу, 1756). Вольтер – көркөм сөздүн чебери, акын, драматург катары да таанылган. «Генриада» (1728), «Брут» (1731), «Заира» (1732), «Цезар­дын өлүмү» (1735), «Орлеан кызы» (1735), «Ма­гомет» (1741), «Кандид» (1759), «Байкуш» (1760), «Париждеги орус» (1760) ж. б. чыгармаларында курч сатира, рев-ячыл классицизмдин оратор­лук стили, дидактикалык пафос айкалышып кетет. 1746-жылы Россия ИАнын ардактуу мү­чөлүгүнө шайланган. 1747-жылы «Улуу Пётр ту­шундагы Россиянын тарыхы» деген эмгегин жазган.

Ад.: Акимова А. А. Вольтер. М., 1970; Вольтер и Россия. М., 1999.