ВОЛЬТМЕТР
ВОЛЬТМЕ́ТР – электр тизмегиндеги чыңалууну ж-а электр кыймылдаткыч күчүн өлчөөчү прибор. Ал электр тизмегине же электр энергиясынын булагына жарыш туташтырылат. Вольтметр электрмагниттик, магнит-электрдик, электр-динамикалык болуп бөлүнөт.

Электр-магниттик Вольтметр электр станциясында ж-а өнөр жай ишканаларында турактуу прибор катары колдонулат. Магнит-электрдик Вольтметр абдан сезгич ж-а так келип, турактуу ток тизмектеринде гана пайдаланылат. Түзөткүч, төмөнкү жыштыктагы, термоэлектр ж-а электрон Вольтметрлер жогорку жыштыктагы чыңалууларды өлчөйт. Төмөнкү чыңалууну өлчөөдө Вольтметр м-н өлчөгүч күчөткүч айкалыш туташтырылат. Ал эми жогорку чыңалууну өлчөө үчүн Вольтметрге кошумча каршылыкты же чыңалууну ченегич трансформатор кошулат. Жогорку ж-а өтө жогорку жыштыктагы өзгөрмө токту өлчөө үчүн электр өлчөөчү механизмден мурда өзгөрмө токту өлчөө үчүн токту турактуу токко айландыргыч туташтырылат. Санариптик Вольтметр кеңири пайдаланылууда.