ВОЛЬТ-АМПЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВОЛЬТ-АМПЕ́Р (В .А же V . A) – өзгөрмө токтун толук кубаттуулугунун бирдиги. Вольт-Ампер электр тизмесиндеги ампер аркылуу туюнтулган ток күчүнүн анын кыпчыткычтарындагы чыңалууга болгон көбөйтүндүсү м-н аныкталып, өзгөрмө ток үчүн арналган амперметр ж-а вольтметр м-н ченелет. Толук кубаттуулук жөнүндөгү түшүнүк электр тизмегинин активдүү (U I cosφ) ж-а реактивдүү (U I sinφ) кубаттуулугун айырмалоо үчүн киргизилген. Мында φ – ток м-н чыңалуунун ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Вольт м-н туюнтулган толук кубаттуулук өзгөрмө ток машинасын ж-а трансформаторлорун мүнөздөөчү негизги чоңдуктардын бири.