ВОЛЬФРАМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬФРА́М (Wolframium), W – элементтер­дин мезгилдик системасынын VI тобунан орун алган химиялык элемент; атом номери 74, атом массасы 183, 85. Табиятта сейрек таралган, жер кыртышынын 1·10–7%ин түзөт. Эркин абалда кездешпейт, көбүнчө вольфрам кислотасынын Н24 туздары түрүндө жолугат. Ал кыйындык м-н эрий турган боз түстөгү металл, тыгыздыгы 19,3 г/см3, эрүү t 3410±20°С. Табигый вольфрам 5 туруктуу изотопторунун (масса­лык сандары 180, 182, 183, 184 ж-а 186) ара­лашмасынан турат. 1781-жылы швед окумуштуусу Шееле вольфрам ангидридин WО3 түрүндө бөлүп алган. 1783-жылы металл түрүндө WО3төн көмүртек м-н калыбына келтирүүдөн алынган. Вольфрам кадимки шартта туз, күкүрт, азот ж-а плавик кислоталары­на, «падыша арагына» туруктуу; азот ж-а пла­вик кислоттасынын аралашмасында жегичтердин эритмесинде ысытканда эрийт. Бирикмелерин­де 2–6 валенттүү. Кадимки шартта химиялык жак­тан туруктуу, кычкылтек м-н 400–500°Сде WО3тү пайда кылат, ал эми суутек м-н жогорку темп­ературада да кошулбайт. Азот м-н 1500°Сде реакция­га кирет, көмүртек м-н карбидди пайда кылат. Кремний ж-а бор м-н силициддерди ж-а борид­дерди, галогендер м-н жогорку температурада ко­шулуп галогениддерди, күкүрт м-н сульфиддер­ди (WS2, WS3) пайда кылат. Вольфрам ж-а анын би­рикмелери вольфрамит ж-а шеелит минералда­рынын концентратынан бөлүнүп алынат. Вольфрам ме­таллургияда сапаттуу болот ж-а куйма (победит, стеллит) алууда, электр-техникалык өнөр жайында (кызытма лампа жибин чыгаруу) колдонулат. Вольфрам кычкылтек м-н оксиддерди (WО2, WО3) пай­да кылат. Вольфрамдын кош оксиди (WО2) – күрөң түстөгү күкүм же кристалл. НNO3түн таасири­нен абада ысытканда WО3кө чейин окистенет. WО3 – кызыл-саргыч күкүм, ага жегичтерди, Nа2СО3 ж-а NН3тү таасир эткенде вольфрамат­тар пайда болот. Алар металл түрүндөгү вольфрамды ж-а анын карбиддерин алууда – сырьё, чопо, айнек буюмдарын боёодо ж-а катализатор ка­тары колдонулат. Вольфрам кислоталары WО3төн алынат. Анын туздары вольфраматтар Nа24 деп ата­лат. Алар сууга ж-а отко чыдамдуу кездеме, булгаары ж-а пигмент даярдоодо, рентгеногра­фияда ж. б. колдонулат.