ВОЛЬФРАМИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬФРАМИ́Т – вольфраматтар тобундагы минерал.

Химиялык формуласы (Mn, Fe)[WO4]. Ко­шундулары: Zn, Mg, Nb ж. б. Изоморфтук түрлөрү гюбнерит MnWO4, ферберит FeWO . Моноклин сингониясында крис таллданат. Өңү кара күрөң, кызгылт, кара, алмаз сымал жар­кырайт. Катуулу­гу Моос шкаласы б-ча 4,5–5,5, тыгыздыгы 7100–7600 кг/м3. Салыштырма салмагы 7,5. Жаратылышта касситерит, молибденит, ар­сенопирит, топаз, висмутин, берилл, мусковит ж. б. минералдар м-н бирге кварц тарамдарын­да ж-а грейзендерде кездешет. Вольфрамит – вольфрам­дын негизги кенташы (рудасы).