ВОЛЬФРАМ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬФРА́М КЕНТАШТАРЫ – курамында ка­зып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө воль­фрам металлы бар минералдардын жаратылыш­тагы чогундусу. Негизги минералдары – вольф­рамит (курамында WO3 74–76%) ж-а шеелит (WO3 80%). Эндоген кендери көбүнчө гранит ин­трузиялары м-н байланыштуу болуп, постмаг­малык, пневматолит же гидротерм процессте­ринин натыйжасында пайда болот. Алар төмөн­дөгүдөй негизги типтерге бөлүнөт: вольфрамит­тин майда бүртүкчөлөрү, кээде штокверкти түзүүчү ичке кварц-вольфрамит тарамчалары бар альбиттешкен, грейзендешкен ж-а кварцташкан граниттин же гранит-порфирлердин штоктору; вольфрамит, сейрек учурда шеелит, касситерит, берилл, арсенопирит, висмутит, молибденит, пирит ж. б. сульфиддери бар кварц-талаа шпа­ты, кварц-топаз, кварц-флюорит ж-а кварц та­рамдары; кварц-шеелиттүү тарамдар, сульфид­дер м-н минералдашкан зоналар ж-а штокверк­тер; курамында ферберит, антимонит, киноварь, барит бар кварц-алтын-шеелиттүү ж-а кварц­антимонит-шеелиттүү тоотектер; молдибденит, халькопирит, галенит ж-а сфалерит бар гранит­пироксен-скаполит курамындагы шеелиттүү скарндар. Вольфрамдын ири кендери скарн ж-а штокверктерде, эң байы тарамдарда кездешет. Эндоген кендеринин бузулуп талкаланышынан вольфрамит ж-а шеелит минералдарына бай де­лювий ж-а аллювий кен чачындылары пайда бо­лот. Вольфрам кен таштарынын ири кендери КМШ өлкөлөрүндө (Забайкалье, Орто Азия, Казакстан, Приморье ж. б.), КЭР, Түшт Корея, АКШ, Австралия, Португалия, Перу, Таиланд, Бирма ж. б. жерлерде бар.

Ад.: Минеральные ресурсы мира Т. 1–2. М., 2001– 2002; Авдонин В. В., Бойцов В. Е., Григорьев В. М. Месторождения металлических полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2005.