ВОРОБЬЁВА Наталья Илларионовна
(ВОРОБЬЁВА Наталия Илларионовна барагынан багытталды)
ВОРОБЬЁВА Наталья Илларионовна (1918, Сокулук району, Сокулук кыштагы – 1987, ошол эле жер) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).

Ал 1934-жылы Сокулук районундагы 21-партсъезд атындагы колхоздо колхозчу, кийин звено башчысы болуп иштеген. 1956- жылы анын звеносу 10 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 730 цден түшүм жыйнап алган. 1963– 71-жылдарда СССР Жогорку Советинин, 1950–62-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.