ВОРОНЕЖ
ВОРО́НЕЖ – Россиядагы шаар, Воронеж облусунун административдик борбору. Калкы 848,8 миң (2005). Облустун түндүк.-батыш бөлүгүндө, Воронеж дарыясы Дон дарыясына куя бериште (чатынан 12 км аралыкта) жайгашкан. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

1584-жылы негизделген. 1711-жылдан Азов, 1725-жылдын Воронеж губернияларынын борбору. Совет өкмөтү 1917-жылы 30-октябрда (12-ноябрь) орногон. 18–19-кылымдын орто ченинен Борбордук Россиядагы кендир өндүрүшүнүн, 20-кылымдын башынан ири өнөр жай борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта катуу бүлүнүүгө дуушарланып, 1946-жылкы башкы план боюнча калыбына келтирилген. Барокко стилиндеги чиркөөлөр (Воскресенье, 1761–1768; Николай, 1712–1720) жана үйлөр, соборлор, аялдар монастыры, 17–19-кылымдын жана заманбап курулуштары бар. 19–20-кылымдын 2-жарымындагы архитектуралык курулуштар басымдуу. Эстеликтер, мемориалдар, акындар И. С. Никитиндин ж-а А. В. Кольцовдун үй-музейлери бар. Воронеж – билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын ири борбору. Шаарда 56 илим-изилдөө жана конструкция долбоорлоо институттары, 46 жогорку окуу жайы (филиалдары менен; анын ичинде университеттер), академиялар (токой, архитектура-курулуш, медицина, техника.), китепканалар, музейлер, «Арсенал», театрлар (опера жана балет, драма, жаштар, куурчак), филармония, симфониялык оркестр, цирк жана башкалар иштейт. Радио-электроника, авиа-космос (акционердик самолёт куруу), химия («Воронежшина»), тамак-аш (ун-акшак) өнөр жай ишканалары, тепловоз, вагон ремонттоо, оор механика пресс, тоо кен байытуу жана медицина жабдуу заводдору, курулуш материалдар, трикотаж буюмдары, резина буткийимдер жана башка өндүрүштөрү, шаардын четинде археология, табигый тарыхый-археологиялыкк музей-корук, Д. В. Веневитиновдун музей-чарбагы бар.
Ад.: Кононов В. И. Воронеж: История города в памятниках и мемориальных досках. Воронеж, 2005.