ВОРОШИЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОРОШИ́ЛОВ Климент Ефремович [(4.2.1881, Бахмут уезди, Верхний кыштагы (азыркы Украи­на, Луганский облусу – 2. 12. 1969, Москва)] – советтик мамлекеттик ж-а аскер ишмери. Советтер Союзунун Мар­шалы (1935), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1956, 1968), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1918- жылдан советтик

Армиянын катарында. Граждандык согуш жылдары бир катар командалык жогор­ку кызматтарды аткарган. 1-Атчандар армия­сын уюштургандардын бири ж-а анын Аскердик революци­ячыл кеңешинин мүчөсү. 1924–25-жылдарда Москва аскер ок­ругунун командачысы ж-а СССР аскер революциячыл кеңе­шинин мүчөсү. 1925–34-жылдарда Аскер ж-а Деңиз иштери боюнча эл комиссары ж-а СССР аскер революциячыл кеңешинин төрагасы. 1934–40-жылдарда СССР коргоо эл комиссары, 1940-жылдан СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары ж-а СССР ЭКСтин алдындагы коргоо комитетинин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Мамлекеттик коргоо комитети­нин мүчөсү, Түндүк-Батыш багытындагы аскерлерге башкы командачы, Ленинград фронтунун аскер­леринин командачысы, партизан кыймылынын башкы командачысы. 1946-жылдан СССР Ми­нистрлер Советинин төрагасынын орун басары. 1953–60-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы. МЭРдин Баатыры. 8 Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ор­дендери, Өзбек, Тажик ССРлеринин, ЗСФСРдин Кызыл Туу ордендери, чет өлкөлүк ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Бишкекте Ворошилов атындагы кө­чө бар.