ВРАНГЕЛЬ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРА́НГЕЛЬ АРАЛЫ Түндүк Муз океанда, Чыгыш Сибирь ж-а Чукча деңиздеринин чегарасында жайгашкан. Материктен Лонга кысыгы аркы­луу бөлүнөт. Аянты 7,3 миң км2дей. Бийиктиги 1096 мге чейин (Совет тоосунда). Арктикалык тундра ландшафты мүнөздүү. Уюлдук станция иштейт (1926-жылдан). Врангель аралы коругу бар. Калктуу пункттары: Ушаков, Звёздный. Орус деңиз саякатчысы Ф. П. Врангелдин ыс­мынан аталган.