ВРУБЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРУ́БЕЛЬ Михаил Александрович [5 (17). 3.1856, Омск – 1 (14). 4. 1910, Петербург] – орус живопис­чиси.880–884-жылдары Петербург көркөм сүрөт ака­демиясында П. П. Чистяковдон окуган.

М.А.Врубель.«Ый­лаба балам, ыйлаба курулай!..» М. Ю. Лермонтовдун «Де­мон» поэмасына ил­люстрация. 1890– Третьяков галереясы (Москва).

Н. Н. Ге менен А. А. Ивановдун салттарын улантып, өз чыгармачылыгында адам турмушу, жакшы менен жа­ман, адамдын коомдогу орду жөнүндөгү философиялык жана моралдык проблемаларга кайрылган. 1884–1889-жылдары Киевде жашап, Кирилл чиркөөсү менен Вла­димир соборун кооздоого катышкан. 1889-жылы Москвада меценат С. И. Мамонтовдун көркөм ийримине кирет. «Венеция» (1893, Орус музейи), «Испания» (1894, Третьяков галереясы) аттуу белгилүү чыгармаларын жаратат. Н. А. Римский-Корса­ковдун «Садко» (1897), «Падыша кызы» (1899), «Салтан падыша тууралуу жомок» (1900) спек­таклдерин жасалгалайт. Врубель – «Перс килеминин фонунда кыз көрүнүшү» (1886, Киев, Орус иск­усство музейи) картинасынын, Н. И. Забела-Вру­белдин (1898) портретинин, М. Ю. Лермонтов­дун «Измаил-бей», «Демон», «Биздин замандын каарманы» чыгармаларына тарткан атактуу ил­люстрациялардын автору.

Ад.: Ягодовская А. Т. М. А. Врубель. Л., 1966.