ВУЛКАНИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВУЛКАНИЗА́ЦИЯ – «чийки» каучукту ийил­чээк резинага айландыруучу технологиялык процесс. Каучукка караганда резина колдонулууга көп­чүлүк физикалык-механикалык касиеттери боюнча ыңгайлуу ке­лет. Анын жылуулукка, суукка чыдамдуулугу жогорулайт, ийилчээктиги ж-а бышыктыгы ар­тат, органикалык эриткичтерге эриши ж-а көбүүсү азаят. Көпчүлүк учурда каучуктарды Вулканизациялоо күкүрт же башка (ыш, бор, коалин ж. б.) химиялык агенттер­дин жардамы м-н жүргүзүлүп, каучуктун мак­ромолекуларынын ортосунда тор сыяктуу бай­ланыштар пайда болот. Тор сыяктуу түзүлүш­төгү вулканизаттардын касиети химиялык байла­ныштардын санына, алардын молекулада жай­гашышына ж-а молекулалык салмагына жараша өзгө­рүлөт. Каучукка 0,5–5% күкүрт кошулса, жум­шак вулканизаттар пайда болот. Алардан авто­мобиль камерасы, покрышкасы, топ, түтүк ж. б. жасалат. Ал эми 30–50% күкүрт кошул­са, катуу ийилгич эмес материал (эбонит) алы­нат. Өнөр жайда резина аралашмаларын Вулканизациялоо атайын агрегаттарда, автоклавдарда, пресстер­де, туз ванналарында, калыпталган ж-а калып­талбаган казандарда, тынымсыз иштөөчү аппа­раттарда басым астында ысытылып жүргүзүлөт. Каучукту хлордуу күкүрттүн (S2Cl2) жардамы м-н ысытпай эле Вулканизация жүргүзүүгө болот. Курамында күкүртү жок Вулканизациялоочу бирикмелер да белгилүү. Окистендирүүчү агенттер (О2, органикалык ж-а органикалык эмес өтө кычкылдар, нитробирикмелер диазобирик­мелер ж. б.). Вулканизациянын жардамы м-н ар кандай шарттарга туруктуу жакшы касиеттерге ээ ре­зиналар алынат.