ВУЛЬФЕНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВУЛЬФЕНИ́Т (австриялык минералог Ф. Вульфендин ысымынан) – молибдаттар классындагы минерал.


Химиялык формуласы Pb[MoO4]. Кошундулары: Ca, Th, W, V, U. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Түссүз же бозомук, сары, кызгылт күрөң, алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2, 5–3. Салыштырма салмагы 6,9. Полиметалл кендеринин кычкылдануу зонасында кездешет. Вульфенит – коргошун, кээде молибден бөлүнүп алынуучу кенташ (руда).