ВУРГУН
ВУРГУН Самед (өз аты-жөнү – Самед Юсиф оглы В е к и л о в) (21.3.1906, Азербайжан, Казак району, Чюхары-Салахлы айылы – 27.5.1956, Баку) – азербайжан эл акыны (1956), драматург, коомдук ишмер. Азербайжан ИАнын академиги (1945). Алгачкы ырлары 1924-жылдан жарыялана баштаган. Вургундун «Акындын анты» (1930), «Фонарь» (1932) ыр жыйнактарында революция, жаңы турмуш темасы орун алган. Ыр м-н жазылган «Вагиф» (1937; 1941-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгы) ж-а «Хандар» (1939) тарыхый драмалары көтөрүлүшчүлөрдүн тагдырына арналган. Низаминин «Хосров менен Ширин» поэмасынын сюжетинин негизинде ыр м-н «Фархад- Ширин» драмасын жазган (1941; 1942-ж. СССР мамлекеттик сыйлыгы). «Эне сөзү» (1941), «Украин партизандары» (1942), «Мага ошондой деди» (1943), «Негр сүйлөйт» (1948), «Ленинди окуп» (1950), «Кылымдын туусу» (1954) поэмалары ж-а «Өрттөнгөн китеп» (1947) аттуу ыр циклдери жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жаралган «Эски достор» (1947), «Мугань» (1949), «Айгюн» (1951) ж. б. поэмаларында ата мекенге болгон сүйүү, достук сезимдери чагылдырылган. А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин», Низаминин «Лайли менен Мажнун», Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастандарын азербайжан тилине которгон. Вургун СССР Жогорку Советине (1–4-шайланышынын) депутат. Эки Ленин ордени, башка орден ж-а медалдар м-н сыйланган.