ВУЧЕТИЧ
ВУЧЕ́ТИЧ Евгений Викторович [15(28).12. 1908, азыркы Днепропетровск шаары – 1974, Москва] – скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1959), СССР көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1953), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967). Совет мамлекетинин
тарыхындагы эң маанилүү окуяларды жалпылап берүү менен доордун алдыңкы идеяларын чагылдырууга умтулган.


Ал түзгөн образдар көп учурда баатырдык-символдук мааниге ээ болгон. Бул анын совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман күрөшүн көрсөткөн белгилүү чыгармаларынан айкын көрүнөт: генерал-лейтенант М. Г. Ефремовдун Вязьмадагы эстелиги (1946; 1947-жылдары СССР мамлекеттик сыйлыгын алган), курман болгон советтик жоокерлерге Берлиндин Трептов паркында тургузулган эстелик-ансамбль (коло, гранит, 1946–1949, архитектор Я. Б. Белопольский жана башкалар менен бирге), «Сага ант беребиз, Ленин…» деген горельеф (1949, башка авторлор менен бирге, 1950-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгын алган), Мамаев дөбөсүндөгү (Волгоград) «Сталинград салгылашынын баатырларына» эстелик-ансамбли (темир-бетон, 1963–1967, Я. Б. Белопольский жана башкалар менен бирге; Лениндик сыйлык, 1970-жыл). Вучетич портрет жанрында да ийгиликтүү эмгектенген. Эки жолку Советтер Союзунун Баатырлары И. Д. Черняховскийдин (коло, гранит, 1945), В. И. Чуйковдун (мрамор, 1947) жана Т. Т. Хрюкиндин (мрамор, 1948), Социалисттик Эмгектин Баатыры Н. Ниязовдун (коло, 1948) портреттери үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы (1946, 1948, 1949, 1950), Индия саясий ишмерлеринин портреттери үчүн Неру атындагы сыйлыгы (1958) ыйгарылган. Эки Ленин ордени, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Лебедев П. И. Е. Вучетич. Альбом. М., 1960.
