ВЫГЛАЗОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, Батыш Сибирь крайы, Сузун району, Шайдаров кыштагы – 16.5.1942, Темиров шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Армиянын катарына Ош облусунун Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.


Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк Кавказ фронт штабынын чалгындоо бөлүмүнүн парашют батальонунда бөлүмдүн командири. Керчь жарым аралындагы салгылаштарга катышкан. Керчь жарым аралындагы Темиров шаарынын аймагындагы салгылашта душмандын 3 танкасын экипажы м-н талкалап, 20 фашистти жок кылып, советтик аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор Выглазов ошол чабуулда курман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.