ВЫСОЦКИЙ
ВЫСО́ЦКИЙ Владимир Cемёнович (25. 1. 1938‚ Москва – 29. 7. 1980‚ ошол эле жер) – акын‚ ырчы‚ актёр. 1956-жылы Москва көркөм театрынын алдындагы мектеп-студияга кабыл алынып‚ 1960-жылы ушул театр институтун бүтүргөндөн кийин А. C. Пушкин атындагы драма театрында иштейт.

Алгач «Дима Гориндин мансабы» фильмине‚ кийин Алматыда «Айып» фильмине тартылган. 1964-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Москва драма жана комедия театрынын Таганкадагы труппасында эмгектенген. Аткарган ролдору: Хлопуша (C. Есенин боюнча‚ «Пугачёв»)‚ Гамлет (У. Шекспир‚ «Гамлет»)‚ Лопахин (А. Чехов‚ «Алчалуу бак») жана башкалар.‚ «Вертикаль» (1966)‚ «Көз ирмемдик кездешүүлөр» (1968)‚ «Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт» (1978) жана башка; көптөгөн фильмдерде ойногон. Высоцкийдин ырлары менен балладаларында‚ аткарган ролдорунда коомдогу адилетсиздикке каршы күрөшкө‚ эркиндикке умтулган. CCCР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1987).