ВЫХОДЦЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫХОДЦЕВ Иван Васильевич (3.9.1893, Барнаул уезди, Боровский кыштагы – 31.3. 1971, Фрунзе) – ботаник, биология илимдеринин доктору (1952), профессор (1953), Кыргыз ССР ИАнын академиги(1965). Кыр­гыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1947). Томск унивеситетин бүтүргөн (1926). Кыргызстан мал чарба илим-изилдөө ин­ститутунда бөлүм башчы болуп

(1930–43) иштеген, СССР ИАнын Кыргызстандагы филиа­лынын биология институтунун директору (1944–49), ошол эле жерде геоботаника ла­бораториясынын жетекчиси (1949– 70) ж-а бир эле мезгилде ди­ректордун орун басары. Те­ңир-Тоо, Алай тоо кыркаларындагы өсүмдүк дүй­нөсүн изилдеп, андагы өсүмдүктөрдү классифи­кациялаган. Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак бел­гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Вертикальная поясность растительности Киргизии (Тянь-Шань и Алай). М., 1950; Расти­тельность пастбищ и сенокосов Киргизской ССР. Ф., 1956; Растительность Тянь-Шань – Алайского горного сооружения. Ф., 1976.