ВЫ ЧЕГДА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВЫ ЧЕГДА – Коми Республикасы м-н Архангел облусундагы дарыя, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 121 миң км2. Тиман токол тоосунан башталып, башында кууш өрөөн м-н агып, босоголуу, төмөн жагы жазы, жайылмасында салаалар ж-а эски нуктар көп. Негизги куймалары – Вымь (оң) ж-а Сысола (сол). Орточо чыгымы 1160 м3/сек. Ноябрдын башынан апрелдин аягына чейин тоңот. Вольдино пристанына чейин (938 км) кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Сыктывкар, Сольвычегодск, Котлас (чатында) шаарлары жайгашкан.