ВЬЕТНАМ СОГУШТАРЫ (1946–1954; 1964–1975).

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЬЕТНА́М СОГУШТАРЫ (1946–1954; 1964–1975). Экинчи дүйнөлүк согушта Япония капи­туляциялангандан кийин, Хо Ши Мин жетек­теген вьетнамдык коммунисттер 1945-жылы август­та көз каранды эмес Вьетнам Демократиялык Республикасы­нын (ВДР) түзүлгөндүгүн жарыялашат. 1946-жылы Франциянын Вьетнамдын үстүнөн контролун кайра калыбына келтирүү аракети согуштун башталышына алып келип, ВДРдин жетекчи­лиги кеңири масштабдагы партизандык аракет­терди баштайт. 1949-жылы Кытайда коммунисттер­дин жеңип чыгышы м-н, ВДР алардын кеңири колдоосуна ээ болот. 1953-жылы партизандар Дьен Бьен Фудагы аскердик базасын курчоого алы­шат. 1954-жылы Женевадагы Индикытай боюнча сүйлөшүүлөрдө согуштук аракеттерди токтотуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, француздар ас­керлерин чыгарып кетишет ж-а мамлекет 17- параллель боюнча экиге бөлүнөт. Түштүк Вьетнамда француздардын тарапкери император Бао Дай­дын бийлиги сакталган. Макулдашуу боюнча 1956-жылы бүткүл Вьетнамда шайлоо өткөрүлүп, бирдиктүү көз каранды эмес мамлекетти түзүү сүйлөшүлгөн. Бирок, Түндүк Вьетнамда коммунист­тер советтик типтеги тоталитардык режимди орно­тушкан. Түштүгүндө да ар кайсы саясий топ­тордун ортосунда күрөш күч алган. 1955-жылы Бао Дайдын премьер-министри Нго Динь Дьем им­ператорду кетирип, өзүн Вьетнам Республикасынын президенти деп жарыялаган. Ал 1956-жылы шай­лоо өткөрүүдөн баш тартып, тышкы саясатта АКШга ыктай баштаган. Вьетнамда ага каршы согушка даярдана башташат. 1961-жылдан АКШ өкмөтү Түштүк Вьетнамга аскер кеңешчиле­рин жөнөтө баштаган. Америкалыктардын макулдугу м-н өлкөдө төңкөрүштүн жүрүшүндө Нго Динь Дьем өлтүрүлгөн. 1964-жылы Тонкин булу­ңундагы түндүк вьетнамдык согуш катерлери м-н америкалык кемелердин ортосундагы кагылышуудан кийин, АКШнын президенти Жонсон 1965-жылы ВДРди бомбалоо тууралуу көрсөтмө берип, Түштүк Вьетнамга аскер жиберет. 1968-жылы АКШнын 500 миңдик аскерине Түндүк Корея, Таиланд, Филип­пин, Жаңы Зеландия, Австралиянын аскерле­ри кошулуп, Индикытай жарым аралы согуш очогуна айланат. Америкалык аскерлер жергиликтүү элдерди масса­лык түрдө кырууга аракеттенишкен. Партизан­дык кыймыл күч алып, Вьетнамдагы согушка карата АКШнын өзүндө да нааразылыктар күч алган. 1968-жылы президенттикке шайланган Ник­сон Вьетнамдан аскерлерди чыгарып кетүүнү чечкен. 1973-жылы Парижде сүйлөшүүлөр башталып, ок атышууну токтотуу ж-а америкалыктарды чыгарып кетүү тууралуу макулдашууга кол кою­лат. 1975-жылы январда партизандар жалпы ча­буулга өтүшүп, 30-апрелде түштүк вьетнамдык ас­керлер жеңилет. 1976-жылы бирдиктүү Вьетнам Социалисттик Республикасы түзүлгөн. Вьетнам согуштарында 1,5 млн вьетнамдар ж-а 58 миң америкалыктар курман болгон.