ВЭНЬ-У ХЭ
ВЭНЬ-У ХЭ – кытай документтеринде эскерилген кыргыз элчиси. Андагы маалыматтар боюнча, 843-жылы 6-айда (1–30-июль) кыргыз каганынын расмий элчиси Вэнь-у Хэ Кытайдын Тан династиясынын (618–907) императору Уцзундун кабылдоосунда болгон. Элчи кыргыз каганынын атынан кат тапшырган. Ага жооп кылып Кытай императору жазган катында 839-жылы кыргыздар тарабынан талкаланган уйгурлар Тан мамлекетинин түндүк-батыш аймактарын талап-тоноп жаткандыгын, ага каршы биргелешип күрөшүүнү суранган. Бул кат «Юй сяцязсы кэхань шу» деп аталып, документтин мазмунунда тараптардын ийгиликтүү сүйлөшүүлөрү чагылдырылган. Элчини кытай документтеринде «генерал» деп жазганына караганда, ал кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы, өлкөдөгү таасирдүү инсандардын бири болгондугу божомолдонот. Бул элчилик императорго кыргыз каганынын атынан 100 жылкы, 10 жуп бүркүттү белек катары тартуулаган. Император катында генерал Вэнь-у Хэ жетектеген элчиликке өтө ыраазы экендигин билдирген.
О. Каратаев.