ГААГА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАА́ГА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ – 1) Гаага шаарында (Нидерланд) болуп өткөн биринчи (1899) ж-а экинчи (1907) тынчтык конференцияларында согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары ж-а салттары тууралуу кабыл алынган эл аралык конвенциялар. 1-Гаага конференциясына 27 мамлекет (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония ж. б.) катышып, анда: Эл аралык кагылышууларды тынчтык жол м-н чечүү; кургактыкта согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары ж-а салттары; 1864-жылы Женевада кабыл алынган шарттарды деӊизде согуш аракеттерин жүргүзүүдө колдонуу тууралуу үч конвенция кабыл алынган. 2-Гаага конференциясына 44 мамлекет (1899-жылдагы конференцияга катышкан бардык мамлекеттер, ошондой эле Түштүк ж-а Борбордук Америкадан 17 мамлекет) катышып, анда 13 конвенция (согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары ж-а салттары, бейтарап мамлекеттердин укуктары, милдеттери ж. б.) кабыл алынган; 2) Куралдуу чыр-чатактар учурунда маданий баалуулуктарды коргоо тууралуу 1954-жылдагы конвенция; 3) Эл аралык жеке укук боюнча 1902–05-, 1954-, 1955-, 1956-, 1961-жылдардагы конвенциялар.