ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922) — Генуя конференциясынын (1922) чечими боюнча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага шаарында (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экономикалык конференция. Ага Генуя конференциясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конференция капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Советтик Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү советтик делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке кагып, Советтик Россияга карыз берүүдөн баш тарткан.