ГАББРО
ГА́ББРО (Италиядагы Gabbro деген жердин атынан) – магма тоо теги. Ал негиздүү плагиоклаздан (лабрадор, битовнит), пироксен, кээде оливин м-н амфиболдон ж-а кенташ минералдарынан турат. Түрлөрү норит плагиоклаз м-н ромбалык пироксенден, троктолит плагиоклаз м-н оливинден түзүлөт. Нагыз Габбро толук кристаллданат, курамындагы түстүү ж-а түссүз минералдардын саны бирдей болот. Химиялык курамында SiO2 45–50%, темир м-н магний кычкылдары 20%ке чейин. Өӊү кара, кочкул жашыл, кээде чаарала. Жер катмарында шток, лакколит, дайка ж-а тарамдар түрүндө жатат. Плагиоклазга эӊ бай (85–90%) Г. – плагиоклазит, анын ичинен плагиоклаздары көгүш же жашыл болуп кубулуп турганы – лабрадорит деп аталат.Габбро Курулуш иштеринде, имараттардын ичи-сыртын кооздоодо ж-а эстеликтерди тургузууда керектелет. Габбро интрузияларында титандын, магнетиттин, никелдин ж. б-дын кенташтары (рудалары) кездешет. Кыргызстандын көп жерлеринде бар.