ГАБРИЛОВИЧ Евгений Иосифович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ГАБРИЛОВИЧ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАБРИЛО́ВИЧ Евгений Иосифович [17(29). 9.1899, Воронеж – 5.12.1993, Москва] – кинодраматург, жазуучу, сценарист, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор (1962), РСФСРдин искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1969), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979). Москва университетинин юридика факультетинде окуган. Адабий ишмердиги 1921-жылдан башталган. 1937-жылы «Акыркы түн»тасмасына (өзүнүн «Жоош Бровкин» повести боюнча) сценарий жазган. Габриловичтин көӊүлүнүн борборунда жөнөкөй, эл үчүн өмүрүн аябаган адамдар болгон. «Акыркы түн» тасмасынан тартып режиссер Ю. Я. Райзман менен чыгармачылык достугу башталган. «Машенька» (1942, 1943, 1967, 1983), «Турмуш сабагы» (1955), «Данте көчөсүндөгү өлтүрүү» (1956), «Кыял» (1943), «Коммунист» (1958), «Акыркы күз» («Ленин тууралуу аӊгеме» фильм-новелласы, 1958), «Сенин замандашыӊ» (1968), «Ашыктыгын айтуу» (1978), «Монолог» (1973), «Кечиккен жолугушуу» (1980) жана башка тасмалардын сценарийин жазган. Кино теоретиги катары да таанымал. 1948-жылдан Бүткүл россиялык кинематографиялык институтта (ВГИК) педагог болуп эмгектенген. Ленин ордени менен сыйланган.

Сценарийдин авторлору Е. Габрилович жана Г.Панфилов, режиссер Г. Панфилов. «Отто кечүү жок». Таня Тёткина – И. Чурикова, Фокич – М.Глузский. 1968.