ГАВАЙИ АНТИЦИКЛОНУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАВА́ЙИ АНТИЦИКЛОНУ, Т ү н д ү к Т ы н ч о к е а н а н т и ц и к л о н у – Түндүк Жарым шардын субтропик ж-а тропик алкактарында (Тынч океандын үстүндө), Гавайи аралы тушта пайда болгон атмосфералык жогорку басымдуу облус. Жыл бою байкалат; жай мезгилинде жогорку кеӊдиктерге чейин жетиши мүмкүн. Гавайи антициклону анын экватордук жак чет-жакасы м-н соккон Тынч океандын түндүк-чыгыш пассатынын, ал эми жайында Гавайи антициклонунун батыш бөлүгүнүн, океандан Азиянын чет-жакасына согуп турган түштүк-чыгыш муссондун пайда болушуна таасирин тийгизет.