ГАВАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВА́НА (La Hаbаnа) – Куба Республикасынын борбор шаары; өлкөнүн экономикалык, илимий ж-а маданий борбору. Өз алдынча административдик бирдикти – провинцияны түзөт. Куба аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2017). Шаар аркылуу Альмендарес, Луяно ж-а Кохимар дарыялары агып өтөт. Өлкөнүн башкы порту (океан кемелери кире алат; контейнер терминалы). Хосе Марти эл аралык аэропорту бар. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Металлургия комбинаты, машина куруу (КамАЗ, темир жолу үчүн техникаларды), вагон ж-а кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, химия, фармацевтика, тамак-аш–татымал (ром), текстиль, булгаары-бут кийим, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Бал камыш ж-а цитрус өсүмдүктөрү иштетилет. Университет, илимий-изилдөө институттары (анын ичинен тропика медицинасы, гигиена, эпидемиология ж-а микробиология, кибернетика ж. б.), ИА, дүйнөлүк экономиканы, демографияны ж-а деӊизди изилдөө борборлору бар. 1515-жылы аралдын түштүк жээгинде негизделип, 1519-жылы азыркы ордуна көчүрүлгөн. 16-кылымдын

Шаардын борбордук бөлүгү.

аягынан Куба аралындагы Испания ээлигинин административдик борбору. 1762–63-жылдары Улуу Британия тарабынан, 1898-жылы Испания – Америка согушунда АКШ тарабынан басып алынган. 1902-жылдан Куба Республикасынын борбору. Гавана – индей-сибондордун тилинде «чоӊ жаа» дегенди түшүндүрөт. Батыш жарым шардагы эӊ кооз шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Улуттук музей, Э. Хемингуэйдин үй-музейи, театрлар, чиркөөлөр, монастырлар, 16–18-кылымдардын архитектуралык курулуштары, анын ичинде кафедралуу аянт собору м-н (18-кылым) сакталган. Эл аралык кино (1979-жылдан жыл сайын), балет (1960), жаз музыка фестивалдары, карнавалдар (жыл сайын январда) өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, улуттук зоология багы, Экспо-Куба көргөзмө комплекси уюштурулган. 2002-жылы Куба спортунун 1-олимпиадасы өткөрүлгөн. Туризм өнүккөн (75ке жакын мейманкана бар). ЖЭС иштейт.