ГАВИАН МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВИАН МРА́МОР КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарынан 9 км түштүктө, деӊиз деӊгээлинен 2226–2530 м бийиктикте жайгашкан. 1972–73-жылдары чалгындалган. Пайдалуу катмар палеозой заманында пайда болгон мрамордон ж-а мраморлошкон акиташтан турат. Пайдалуу катмардын калыӊдыгы 80–120 м. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,60–2,79 г/см3, тыгыздыгы 2,73–2,79 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,4–2,7%, суу сиӊирүүсү 0,07–0,55%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 100,3–136,8 МПа, сууга каныккан абалдагысы 64,1–99,5 МПа, жумшаруу коэффициенти 0,63–0,73, мрамор суукка чыдамсыз. Мрамордун өӊү ак, боз, кызгылтым; өтө жаракалуу. Мраморду күкүмчө катары пайдаланууга болот.
Запасы В категориясы боюнча 868,2 миӊ м3, С1 – 1519,8 миӊ м3, С2 – 960,8 миӊ м3.