ГАВРИЛОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАВРИ́ЛОВКА – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Гавриловка айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 6 км чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 3 км. Кыштак 1812-ж. отурукташкан. Калкы 4590 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, дарыкана, маданият үйү, китепкана бар.